Жаңылыктар
11.11.2023 13:17
Кароолор: 543
БОРБОР КАЛААДА КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН БИРИНДЕГИ ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Бишкек шаарынын Октябрь районунун А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:05те Октябрь районунан жалпы 2 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты тартылган. Ал эми саат 12:20да атайын штаб жөнөтүлдү.
Учурда өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону 12:42де чектөөгө алышып, толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР