Жаңылыктар

15.12.2023 12:10

   Кароолор: 364

БООРДОШ КАЗАК ЭЛИНДЕ КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫ КУТКАРУУ ИШТЕРИН БАШТАШТЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 15-декабрда саат 11:20да берген маалыматында Куткаруучулады даярдоочу мамлекеттик борбордун жетекчиси, подполковник Ырысбек Жолдошбаев жетектеген ыкчам топ куткаруу иштерин башташты.

Казакстандын Кордай районунун Кордай – Отар аралыгы 80 чакырымдык унаа жолунун Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен 3 оор жүк ташуучу, 1 жеңил унааны чыгарышты.

Учурда кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын аткарып, боордош казак элине жардам берип жатышат. Мындан сырткары Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек – Алмата" кафесинде 150 адамга ылайык жылынуучу жай уюштурулду.

Кечиктирилгис куткаруу иштеринен кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу