Жаңылыктар

14.08.2024 13:48

   Кароолор: 2195

БООРДОШ ЭКИ ӨЛКӨНҮН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИКТЕРИНИН БИРГЕЛЕШКЕН VI КОЛЛЕГИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

14-август күнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Казакстандын жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин биргелешкен VI коллегиясы өтүүдө.

Тараптардын коллегиясы 15-август күнү өтө турчу Борбор Азия өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун регионалдык форумунун алкагында уюштурулган.

Министр Бообек Ажикеев Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Чингис Аринов баштаган атайы делегацияны жылуу тосуп алып, боордош эки элдин кылымдан бери келе жаткан бир туугандык мамилеси, ар түрдүү кырдаалдарда бири-бирине көрсөткөн колдоосу баа жеткис экенин баса белгиледи.

Ал эми коллегиянын жүрүшүндө тараптар табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытындагы актуалдуу маселелер талкуулашат.

Белгилей кетсек 2009-жылы эки өлкөнүн ортосунда табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюуда биргелешип туруштук берүү максатында макулдашууга кол

коюлган.

Анын негизинде эки өлкөдөгү ири жана трансчекаралык мүнөздөгү кырсыктардын кесепеттерин бергелешип жоюу, авариялык-куткаруу, техникалык жана материалдык ресурс жагынан колдоо көрсөтүү, тажрыйба алмашуу максатында машыгууларды өткөрүү өңдүү стратегиялык маанилүү багыттар камтылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу