Жаңылыктар

13.11.2024 16:22

   Кароолор: 873

БООБЕК АЖИКЕЕВ ЖАШЫЛ КЛИМАТ ФОНДУСУНУН КЕҢСЕ ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Жашыл климат фондусунун кеңсе жетекчиси Генри Гонзалес мырза менен жолугушуу өткөрүп, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана айттырбай келген табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу долбоорлорун каржылоо боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жолго коюуга жардам берүүчү экологиялык туруктуулукту ишке ашыруу үчүн каржылоолорду тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министр табигый алааматтарга өлкөнүн туруктуулугун жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу үчүн Жашыл климат фондусунун ресурстарын эффективдүү пайдалануунун зарылдыгы белгиледи.

КР ӨКМ тарабынан пландалган “Кыргыз Республикасында Фергана өрөөнүндөгү аймактардын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатуу үчүн өзгөчө кырдаалдар тууралуу тез арада алдын ала эскертүүлөр системасын иштеп чыгуу” долбоору боюнча маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эскертүүлөрдү тез арада берүүнүн эффективдүү системасын иштеп чыгуунун маанисин белгилеп, бул табигый кырсыктардан жана климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен келип чыккан жоготууларды кыскартууга шарт түзөт.

Бообек Ажикеев белгилегендей, бул долбоор кырсыктардын тобокелдигин башкарууну жакшыртууга эле эмес, климаттык өзгөрүүлөргө жергиликтүү коомчулуктун туруктуулугун чыңдоого жол ачат. Ошондой эле ал кыска аралыкта эскертүүлөр системасын иштеп чыгууда жаңы технологияларды жана методдорду пайдалануунун мааниси тууралуу айтты.

Өз кезегинде Жашыл климат фондунун кеңсе жетекчиси Генри Гонзалес мырза бул долбоорду колдоого даяр экенин билдирип, Кыргызстандын климаттык чакырыктарга туруктуулугун жогорулатуу үчүн долбоор маанилүү экенин кошумчалады.

Тараптар аймакта азык-түлүк коопсуздугу үчүн негизги аспекти болуп саналып, айыл чарба жана суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусун туруктуу башкарууга багытталган “Мөңгүлөрдөн фермага” долбоорун интеграциялоо мүмкүнчүлүтөрү тууралуу сүйлөшүштү.

Жолугушуунун аягында тараптар өз ара кызматташууну мындан ары улантып, конкреттүү долбоорду иштеп чыгууну улантууну макулдашышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу