Жаңылыктар
23.01.2025 15:18
Кароолор: 973
БООБЕК АЖИКЕЕВ ОРУСИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту.
Министр жолугушууда гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Орусия Федерациясынын өкмөтү тарабынан кайтарымсыз негизде 2023-жылы КР ӨКМне берилген 40 өрт өчүрүүчү автоцистерна жана МИ-8 МТВ-1 үлүсүндөгү тик учак үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин өрткө каршы жана авиациялык техника паркынын жабдууларын жаңылоодо баа жеткис колдоо жана жардам болгонун белгиледи.
Ошондой эле аймактарды жана калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоо, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароо жана ӨКМдин аскер кадрларын Орусия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу билим берүү мекемелеринде акысыз окутуу, ошону менен катар, кадр даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, Гидрометеорология, Токой кызматтарынын адистерин кайра даярдоо боюнча кызматташуу маселелери көтөрүлдү.
Сергей Вакунов өз кезегинде министрдин жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР