Жаңылыктар

30.03.2025 09:01

   Кароолор: 320

БООБЕК АЖИКЕЕВ: ОРОЗО АЙТТЫН УЛУУЛУГУ МЕНЕН ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ ТЫНЧТЫК, ӨЛКӨБҮЗДӨ БАКУБАТЧЫЛЫК БОЛУШУН ТИЛЕЙБИЗ!

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев кыргызстандыктарды, куткаруучуларды Орозо айт майрамы менен куттуктады:

"Урматтуу мекендештер!

Бүгүн жалпы мусулман үммөтү үчүн өзгөчө күн – куттуу Орозо айт! Бул ыйык күндө биз кечиримдүүлүк, боорукердик жана ыйман тазалыгы сыяктуу улуу баалуулуктарды даңазалайбыз.

Рамазан айы ар бирибизди сабырдуулукка, мээримдүүлүккө, жардам берүүгө үйрөткөн ыйык мезгил болду. Бул күндөрдө биз жакындарыбызга көңүл бөлүп, муктаждарга кол сунуп, өз ара сый-урматты бекемдедик. Эми болсо, Орозо айттын улуулугу менен жүрөгүбүздө тынчтык, үй-бүлөбүздө ынтымак, өлкөбүздө бакубатчылык болушун тилейбиз!

Өлкөбүзгө тынчтык, элибизге аманчылык каалайм! Ар бир үйгө ырыскы, береке жана жакшылык коштосун!

Орозо айтыңыздар маарек болсун!"

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу