Жаңылыктар

06.08.2025 16:43

   Кароолор: 341

БООБЕК АЖИКЕЕВ: ӨКМде КЫЗМАТКА МЫЙЗАМСЫЗ, КОРРУПЦИЯЛЫК КӨРҮНҮШТӨР МЕНЕН ОРНОШУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин расмий билдирүүсү:

"Урматтуу мекендештер,

Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин бири кармалганы тууралуу маалымат коомчулукка тарады. Мындай көрүнүш министрлик үчүн өкүнүчтүү жат көрүнүш.

Тилекке каршы беш кол тең эмес. Министр катары белгилеп кетким келет, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык тандоо толугу менен ачык жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Ар бир жаран эгерде билими, тажрыйбасы жана кесиби талаптарга шайкеш келсе ӨКМге ачык эле келип, ишке орношо алат. Биз муну дайыма айтып келебиз жана мындан ары да ушул принциптерди карманабыз.

ӨКМде мыйзамсыз жол менен кызматка орношууга, ортомчулукка жана коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт. Мындай учурлар жалпы мекеменин аброюна шек келтирбеши керек. Биздин катарда миңдеген ак ниет, ишине берилген, эл үчүн күнү-түнү кызмат кылган куткаруучулар эмгектенип жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мыйзам үстөмдүгүн толугу менен колдойт жана бардык зарыл болгон жардамды тиешелүү тергөө органдарына көрсөтүүгө даяр."

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу