Жаңылыктар
07.11.2025 12:54
Кароолор: 307
БООБЕК АЖИКЕЕВ МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СӨЗ КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТОО ЖОЛДОДУ
КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосун жолдоду:
"Урматтуу маалымат жана басма сөз каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!
Маалыматтын ылдам доорунда сиздердин кесипкөйлүк, ак ниеттик жана принципиалдуулук өзгөчө баалуулукка ээ. Дал ушул сапаттар өлкөбүздө демократияны чыңдоого, коомдук ишенимди бекемдөөгө жана өнүгүүгө өбөлгө түзөт.
Сиздерге чыгармачылык дем, ийгилик, жаңы идеялар, үй-бүлөлүк тынчтык каалайм!
Эмгегиңиздер дайыма элге, мамлекетке жана чындыкка кызмат кыла берсин!"