Жаңылыктар
28.08.2025 08:57
Кароолор: 327
БООБЕК АЖИКЕЕВ КУТКАРУУЧУЛАРГА МЕДАЛЬ ТАПШЫРДЫ
Кечээ ӨК министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев 7–8 жаштагы баланы аман алып калышкан куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, аларга медаль тапшырды.
Окуя ушул жылдын 29-июлунда катталган. Саат 18:10 чамасында Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүн аралап өткөн каналдан агып бараткан баланы куткаруучулар байкап калышкан.
ӨКМдин Суучулдар кызматында билим алып, учурда “Жанат Resort Ош” эс алуу жайында иштеп жаткан куткаруучулар баланы каналдан алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Бул тууралуу ӨКМдин Суучулдар кызматынын окутуучусу Кумар Ибраевге ыраазычылык билдирүү менен куткаруучулар өз видеосун жөнөтүшкөн.
Белгилей кетсек, Суучулдар кызматы 400дөн ашуун суудан куткарууга кызыккан жаштарды окутуп, аларга тастыктама берип келишет. Алар тастыктама менен каалаган суу бассейндерде, көлмөлөрдө иштей алышат.
Быйылкы жылдын өзүндө эле ушундай билим алган куткаруучулар 40тан ашык адамдын өмүрүн сактап калышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР