Жаңылыктар

21.08.2025 13:17

   Кароолор: 287

БООБЕК АЖИКЕЕВ КОРЕЯнын АСКЕРДИК АТТАШЕСИ менен ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ

Ушул жумада Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-лейтенант Бообек Ажикеев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо боюнча атташеси полковник Сон Тэ Гук менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Корея Республикасынын ортосундагы учурдагы кызматташтыкты талкуулап, өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгилешти.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана куткаруу кызматтарынын потенциалын чыңдоо жаатында тажрыйба алмашууга, практикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кызматташтыкты, анын ичинде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдирип, калктын коопсуздугун камсыздоого жана ишенимди бекемдөөгө багытталган диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу