Жаңылыктар

24.04.2025 20:04

   Кароолор: 242

БООБЕК АЖИКЕЕВ ЕРӨБнын ЯДЕРДИК КООПСУЗДУК ДЕПАРТАМЕНТИНИН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖОЛУГУШТУ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ядердик коопсуздук департаментинин директорунун орун басары Эстер Харлендер айымдын онлайн жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө рекультивациялык иш-чараларды жүзөгө ашыруу, радиациялык жана экологиялык коопсуздук маселелери, акыркы жылдарда Кыргызстанда радиациялык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүдөгү бир кыйла жетишкендиктер, анын ичинде Миң-Куш, Шекафтар жана Майлуу-Суу объектерин зыянсыздандыруу жумуштарынын ийгиликтүү ишке ашырылышы тууралуу сөз болду.

Ошондой эле талкууда Арстанбап-Ата жаңгак токой паркын экологиялык реабилитациялоо маселелери козголду, ал биоартүрдүүлүктү сактоого, жаңгак токойлорун туруктуу башкарууга, анын ичинде өзгөчө корголуучу аймактарды түзүүгө жана токойду башкаруунун туруктуу ыкмаларын киргизүүгө багытталган.

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын биргелешкен аракеттери жана колдоосу биздин аймактын экологиялык абалын мындан ары жакшыртууга жана келечек муундардын коопсуздугун камсыз кылууга салым кошоруна ишенимин билдирди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу