Жаңылыктар
25.08.2025 20:08
Кароолор: 292
БООБЕК АЖИКЕЕВ ЕККУнун БИШКЕКТЕГИ ПРОГРАММАЛЫК КЕҢСЕСИНИН БАШЧЫСЫН КАБЫЛ АЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев бүгүн, 25-августта Элчи-ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов мырза менен жолугушту.
Министр Кыргызстанда миссиясы аяктап жаткан Элчини жылуу кабыл алып, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жаатында тыгыз кызматташуусу жана министрликтин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал кризистик кырдаалдарды башкаруу, калкка эрте кабарлоо, табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүү жаатында ишке ашкан бир катар маанилүү долбоорлорду эске салып, Элчинин мындан аркы кызматтык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Алексей Рогов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен болгон өнөктөш мамилелерди, жемиштүү кызматташууларды белгилеп, жылуу маанайда көрүшкөндүгүнө ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча алдыга коюлган иш пландардын артыкчылыктуу багыттарына токтолуп, аларды толугу менен жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтөрүн кошумчалап өттү.
Жолугушуунун аягында Бообек Ажикеев Алексей Роговду “КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайы төш белгиси” менен сыйлады.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР