Жаңылыктар

07.02.2025 13:42

   Кароолор: 1275

БООБЕК АЖИКЕЕВ ДАМБАЛАРДЫ САПАТТУУ КУРУУНУ ЖАНА ТЕЗДЕТҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдөө жумуштарын көрүп чыкты.

Белгилүү болгондой, дарыянын айрым тилкелеринде жээктер жуулуп, суу деңгээли жогорулаган учурлар катталган. Министр тиешелүү кызматтарга жээкти бекемдөө, жаңы тосмолорду куруу жана тазалоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле министр шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашкан суу өткөрүү каналдарынын абалы менен таанышып, суу ташкындарынын алдын алуу максатында тазалоо жана оңдоо иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Ал эми Кара-Суу районундагы Төлөйкөн жана Отуз-Адыр айылдарындагы суу ташкын кооптуулугу бар тилкелерди бекемдөө иштерин министр өз көзөмөлүнө алды.

Андан аркы иш сапары Өзгөн районунда уланып, Кара-Дарыянын жээктерин бекемдөө жана сел коркунучун азайтууну тапшырып, тиешелүү бөлүмдөргө тез арада чара көрүү тапшырмасын берди.

Министр иш сапарынын жүрүшүндө көрүп чыккан бардык объектилер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди ылдамдатуунун зарылдыгына токтолду. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коркунучтарды жоюуга багытталган бардык жумуштардын сапаттуу ишке ашырылышын өзү көзөмөлдөй турганын билдирди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу