Жаңылыктар
26.11.2024 18:05
Кароолор: 846
БООБЕК АЖИКЕЕВ “ЧЕК АРАСЫЗ ДАРЫГЕРЛЕР – ШВЕЙЦАРИЯ” УЮМУНУН БАШЧЫСЫН КАБЫЛ АЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүн, 26-ноябрда “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” Эл аралык медициналык гуманитардык уюмунун өкүлчүлүгүнүн башчысы Алексей Ким менен жолугушту.
Жолугушуунун максаты – жакындан алака түзүү жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. Муну менен катар эки тараптуу кызматташтыктын келечектеги багыттары тууралуу сөз болду.
ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Алексей Кимди кызматка жаңы дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Ошону менен катар “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюмунун көп жылдан берки иштиктүү мамилелерине токтолуп, кандай учур болбосун кызматташууга даярдыгын жана мындан ары да улантууга кызыкдар экенин белгилеп кетти.
Алексей Ким өз кезегинде министрге жылуу кабыл алуусу жана куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташтыкты кубаттарын билдирди.
Жыйынтыгында тараптар биргеликте иш алып барууну туруктуу улантуу ниеттерин билдирип өтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР