Жаңылыктар

05.11.2024 17:02

   Кароолор: 778

БООБЕК АЖИКЕЕВ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Кечээ, 5-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова башында турган делегация менен жолукту.

Министр Кыргызстандын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага ыңгайлашуу чөйрөсүндөгү жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Бүткүл Дүйнөлүк Банктын ушул таптагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашып, кызматташтыктын мындан аркы өнүгүү багыттары тууралуу сөз кылышты.

Муну менен катар Кыргызстанда токой чарбасына мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана климаттын өзгөрүү көйгөйлөрүнө байланышкан маанилүү маселелер көтөрүлдү.

Өз кезегинде Татьяна Проскурякова Бүткүл Дүйнөлүк Банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана экологиялык туруктуулукту жакшыртууга багытталган жаңы демилгелерди колдоого даяр экенин айтып өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Бообек Ажикеев бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташтык улана берерине ишеним артарын кошумчалады жана иштерине ийгиликтерди каалады. 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу