Жаңылыктар

06.12.2024 11:36

   Кароолор: 949

БООБЕК АЖИКЕЕВ БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ ҮЧҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО ЭСЕБИНИН ДОНОРЛОРУНУН АССАМБЛЕЯСЫНЫН ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Лондондо өтүп жаткан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсебинин (ERA) донорлорунун ассамблеясынын жыйынына катышууда.

Ассамблеянын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев Улуу Британиянын Лондон шаарында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) башкаруу кеңешинин директору жана Түркия аймактык кеңсесинин жетекчиси Ясемин Гириджи айым менен жолугушуу өткөрүлдү.

Анда Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен аракеттердин келечеги талкууланды.

Түркиянын Стамбул шаарындагы ЕРӨБ аймактык кеңсесинин негизги иш багыттары тааныштырылды. Кеңсе аймактын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жана жашоо деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле инфраструктураны жана каржы системаларын өнүктүрүү боюнча консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Б.Ажикеев ЕРӨБ менен кызматташтыкты улантууга кызыкдарлыгын билдирип, өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана чара көрүү системаларын чыңдоо, инфраструктураны жаңыртуу жана климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга байланыштуу маселелерди чечүү боюнча иштешүү сунушун киргизди. Ошондой эле Түркиянын табигый кырсыктардан калыбына келтирүү жана туруктуу шаарларды өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өз кезегинде Ясемин Гириджи айым ЕРӨБ Кыргызстанды бул демилгелерди ишке ашырууда колдоого даяр экенин тастыктап, кызматташтыкты мындан ары күчөтүүнүн жана жалпы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешип иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанды табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди ишке ашырууда кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу