Жаңылыктар

07.08.2025 18:15

   Кароолор: 367

БООБЕК АЖИКЕЕВ БОРБОР АЗИЯНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛЕРИНИН ЖУМУШЧУ КЕҢЕШМЕСИНЕ КАТЫШТЫ

Бүгүн, 7-августта Казакстандын Алматы шаарында Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын тобокелдерин азайтуу борборунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин жетекчилеринин жумушчу кеңешмеси болуп өттү.

Жолугушуу Кыргызстан менен Казакстандын демилгеси боюнча өтүп, Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу борборун түзүү жөнүндө макулдашууга Тажикстан жана Өзбекстан Республикаларынын кошулуу мүмкүндүгүн, ошондой эле анын институттук потенциалын жогорулатуу маселелерин талкуулоого арналды.

Иш-чарага КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, Казакстандын ӨК министри Чингис Аринов, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин төрагасы, генерал-полковник Раджабали Рахмонали жана Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары, полковник Санжар Зупаров катышты.

Өз сөзүндө Бообек Ажикеев аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Борбордук Азия өлкөлөрү климаттын өзгөрүшүнө, трансчек аралык катаклизмдерге байланыштуу жалпы көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгын жана өзгөчө кырдаалдарга биргелешип чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле 2013-жылы түзүлүп, 2016-жылы ишке кирген Борбор өзүн аймактык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу координациялоочу механизми жана платформасы катары көрсөтө алганы айтылды.

Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, анын ичинде Борбордун ишмердүүлүгүн институционалдык жактан бекемдөө, анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана жаңы мамлекеттердин катышуусун талкуулашты. Ири масштабдуу кырсыктарга биргелешип жооп кайтаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун жана ыңгайлашуунун аймактык механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар аймактык кызматташтыкты тереңдетүүгө жалпы кызыкчылыкты билдирип, Тажикстан менен Өзбекстандын Борборго кошулуусу, ошондой эле жарандык коргонуу жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча кеп-кеңештерди улантууга макулдашышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу