Жаңылыктар

26.12.2024 13:12

   Кароолор: 838

БООБЕК АЖИКЕЕВ: БӨБӨКТӨРДҮН ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖЫЛМАЮУ БИЗ ҮЧҮН КУБАНЫЧ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Жаңы жылды утурлай Москва районунун Беловодск айылындагы атайын жалпы билим берүү (көмөкчү) жатак-мектебинин тарбиялануучуларына майрамдык белектерин тапшырды.

Министрликтин атынан уюштурулган мындай белектер окуучулардын маанайын көтөрүү жана колдоо максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, ӨКМ өз камкордугундагы бул жатак-мектепке жыл сайын муктаждыктарына жараша материалдык жардамдарын берип турат.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу