Жаңылыктар

01.08.2025 16:50

   Кароолор: 44

БМУ жана МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН БИШКЕК БАШКАРМАЛЫГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТЕКШЕРИЛДИ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы мамлекеттик мекемелердин имараттарынын өрт коопсуздук талаптарынын камсыздалышын көзөмөлдөө максатында атайы тескемеге ылайык пландык текшерүүлөрдү улантууда.

КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык филиалынын жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имараты текшерилип, өрт коопсуздук эрежелерин бузган учурлар боюнча эскертүү актылары түзүлдү.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, аталган мекемелерде автоматташтырылган сигнализациянын иштебей калышы, алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын жетишсиздиги, гидранттардын кароосуз абалда тургандыгы жана башка бир катар бузуулар бар аныкталды. Аларды четтетүү боюнча бир айлык мөөнөт берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу