Жаңылыктар
18.01.2025 00:25
Кароолор: 210
БИШКЕКТИН СВЕРДЛОВ РАЙОНУНДА ӨРТ ЧЫКТЫ
Бишкек шаарынын Свердлов районунда алдын ала маалымат боюнча Тоголок Молдо жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 00:24тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Буга кошумча аталган бөлүктөн саат 00:35те дагы 1 эсеп өрт өчүрүүчү топ жана штаб жөнөтүлгөн. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР