Жаңылыктар

15.01.2024 16:12

   Кароолор: 371

БИШКЕКТИН МУРАС-ОРДО КОНУШУНДА 5 ЖАШТАГЫ БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Мурас-Ордо конушунда 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 14-январь күнү, саат 19:28де 112 кызматына түшкөн.

Аны издөөгө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, түнү менен конуштагы үйлөрдүн короолорун, сарай жана ажатканаларды, конушка жакын көлмөнүн жээктерин карап чыгышкан.

Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган.

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Алихан аутизм оорусу менен жабыркап келет.

Учурда издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17 куткаруучусу жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан жеринде уланууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу