Жаңылыктар

07.11.2024 10:43

   Кароолор: 153

БИШКЕКТИН АВТОБЕКЕТТЕРИНДЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, Бишкектин батыш тарабындагы Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттамдар жүрүп жаткан автобекетте ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов башында турган кызматкерлер айдоочу жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.

Анда ӨКМ тараткан шашылыш билдирүүгө ылайык, 6-8-ноябрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана Бишкек – Ош унаа жолундагы ашууда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек жана кургак азык алууну эскертишти. 
Ал эми кырсык катталганда 112 номерине чалууга чакырышты.

Мындай коопсуздук эрежелерин калкка түшүндүрүү, жеткирүү ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке тапшырмасы жана көзөмөлү менен жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу