Жаңылыктар
19.12.2024 09:10
Кароолор: 602
БИШКЕКТЕГИ ЗАМАНБАП ӨРТКӨ КАРШЫ КУТКАРУУ БӨЛҮГҮНҮН АЧЫЛЫШЫ
Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Өргө конушунда N9 заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды.
Ачылуу аземине ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кореянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ, KOICA Корея эл аралык кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьёва жана куткаруучулар катышты.
Жаңы имарат заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана кызматкерлер үчүн иштөө шарты талапка жооп берет. Үч кабаттан турган өрт өчүрүүчү бөлүктө уктоочу бөлмө, тамактануучу жай, бош убакта спорт менен машыгууга даярдалган зал жана башка керектүү санитардык шарттар түзүлгөн.
Корей Өкмөтүнүн каржылоосу менен жалпы 7 млн 700 миң долларды түзгөн долбоордун алкагында 2019-жылдан 2024-жылга чейинки убакта Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болуп жалпы 4 өрткө каршы куткаруу бөлүгү курулду. Жалпы 9 адистештирилген техника алынган. Алсак бир 54 метрлик автошаты, 4 өрт өчүрүүчү унаа, «пикап» базасындагы 4 авариялык-куткаруу унаасы.
Мындан тышкары долбоордун алкагында өрт өчүрүү жана куткаруу иштери боюнча ченемдик базаларды жакшыртуу, өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарынын жана бөлүктөрдүн адистеринин билимин жогорулатуу ишке ашырылды. 2022-жылы ӨКМдин 20 адиси Корея Республикасында өрт коопсуздугу боюнча эки ирет окутуу курстарынан өтүп келди.
2023-жылы 20-февралдан 17-мартка чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү-куткаруучу адистери кореялык өрт өчүрүү институттарынын эксперттери тарабынан Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарларында атайын тренингдерден өтүп, жыйынтыгында 95 куткаруучу өрт коопсуздугу боюнча тажрыйбасын жогорулатышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР