Жаңылыктар

26.03.2024 11:48

   Кароолор: 662

БИШКЕКТЕГИ СПОРТ КОМПЛЕКСИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, адистери "Газпром ФОК" спорт комплексинин 2- кабатындагы ашканасында өрт - тактикалык машыгуусун өткөрүштү.

Машыгуунун алкагында ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелери, өрт коопсуздугу, эвакуациялоо ыкмалары тууралуу ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттары менен туура колдонуу ыкмалары көргөзүлүп, анда иштеген кызматкерлерге өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону түшүндүрүштү.

Тилсиз жоонун алдын алууга багытталган өрт-тактикалык машыгууга атайын өрт өчүрүүчү унаасы тартылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБО

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу