Жаңылыктар

25.06.2025 14:46

   Кароолор: 520

БИШКЕКТЕГИ ОРТО-САЙ АЙЫЛЫНДА ЧӨП ЖЫЙЫЛГАН САРАЙДАН ӨРТ ЧЫКТЫ

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Орто-Сай айылында бүгүн, 25-июнда Иманалиев көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:50дө Ленин райондук №28 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн тартылып, тилсиз жоону саат 13:28де чектөөгө алышты.

Өрттөн болжол менен 150 чарчы метр сарай, 200 түк чөп жана куураган чөп күйүүдө. Ошондой эле турак үйдү жалын каптаган.

Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Жабыркагандар жок.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу