Жаңылыктар
14.01.2025 13:12
Кароолор: 702
БИШКЕКТЕГИ ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Т.Үмөталиев көчөсүндөгү өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен тилсиз жоо саат 12:47де толугу менен өчүрүлдү.
Адам өмүрүн камсыздоо жана ден соолугун сактоо максатында турак үйдөн болжол менен 40-45 адам эвакуацияланган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР