Жаңылыктар
25.02.2025 09:28
Кароолор: 1458
БИШКЕКТЕГИ ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
25-февралды караган түнү саат 2:19да Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун П. Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тетиктерин сатуучу жана оңдоочу жайдан ири өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусуповдун жетекчилигинде жалпы 13 күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа), Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу 1 дрон менен жана штаб тартылган.
Мындан сырткары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2, "Бишкек жашыл чарба" кызматынан 2 суу ташуучу унаа, РЭТтен 1 бригада, ИИМден 4 экипаж, 90 кызматкер жана тез жардам кызматы тартылган.
Бактыга жараша кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес жана өрттөн жабыркагандар жок.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо таңкы саат 6:04дө чектөөгө алынып, саат 9:08 толук өчүрүлдү.
Өрттүн болжолдуу аянты 3000 чарчы метрди түзүп, жеңил конструкциядагы жанаша жайгашкан контейнерлер күйгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР