Жаңылыктар
31.12.2024 12:25
Кароолор: 559
БИШКЕКТЕГИ АЛАМҮДҮН ДАРЫЯСЫНЫН НУГУ ТАЗАЛАНДЫ
27-28-декабрь күндөрү Бишкек шаарында Аламүдүн дарыясынын нугу тазаланды.
Механикалык тазалоо калкка коопсуздук камсыздоо жана кышкы мезгилде муздун тоңуп, суу ташкындарын алдын алуу максатында жүргүзүлдү.
Дарыяныны нугун тазалоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бишкек мэриясынын кызматтарынан 30 экскаватор жана HOWO маркасындагы 55 жүк ташуучу унаа жалпы 85 техника тартылган.
Бишкек шаарындагы Аламүдүн дарыясынын узундугу 15,7 км түзөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР