Жаңылыктар

05.01.2025 12:09

   Кароолор: 386

БИШКЕКТЕГИ АЛАМҮДҮН ДАРЫЯСЫ ТАЗАЛАНДЫ

Кечээ, 4-январь күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында жайгашкан Аламудун дарыясын тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 эксковатор, жергиликтүү бийлик тарабынан 2 эксковатор жана 12 ХОВО жүк ташуучу унаа тартылды.

Белгилей кетсек, кыш мезгилинде муз тоңуп, суу ташкынын алдын алуу максатында Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо 2024-жылдын 27-декабрь күнү башталган. Кечээ, 4-январь күнү ӨКМге белгиленген тилкелер тазаланып, аягына чыкты.

Механикалык тазалоо ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы жана Бишкек шаардык Мэриясынын атайы кызматтары тарабынан жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу