Жаңылыктар
19.03.2025 16:09
Кароолор: 125
БИШКЕКТЕГИ АЛА-АРЧА ДАРЫЯСЫНЫН НУГУ ТАЗАЛАНУУДА
Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин районундагы Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 3 эксковатор жеринде иштөөдө.
Дарыяны тазалоо иштери 2025-жылдын 6-мартынан тартып Октябрь районунда
жайгашкан Семетей көчөсүнөн баштап Масалиев көчөсүнө чейин тазалоо иштери жүргүзүлүп, болжол менен 2470 метр тазаланып, 3520 метр куб шагыл чыгарылды.
Ал эми 14-марттан тартып Ленин районунда жайгашкан Токтогул көчөсүнөн түштүктү көздөй Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери жүрүп, бүгүнкү күнгө болжол менен 200 метр тазаланып, 590 метр куб шагыл чыгарылды.
Механикалык тазалоо ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы жана Бишкек шаардык Мэриясынын атайы кызматтары тарабынан жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Октябрь районунда жайгашкан Аламүдүн дарыясынын нугу болжол менен жалпы 4800 метри тазаланып, 34 438 шагыл чыгарылган жана дарыянын жээгин бекемдөө үчүн 4287 куб шагыл чыгарылып, колдонулган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР