Жаңылыктар
03.12.2024 16:13
Кароолор: 208
БИШКЕКТЕГИ "СИМУРГ" МУНАЙ САКТООЧУ ЖАЙЫНДА ӨРТ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Кечээ, 2-декабрь күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы Бишкек шаарындагы "Симург" мунай сактоочу базасында өрт тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Өрт тактикалык машыгууда аталган мунай сактоочу базанын ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуунунун өрт кырсыгындагы ыкчам аракеттери текшерилип, өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин кандай иштерди алып баруусу жана даярдыгы бааланды.
Белгилей кетсек, соңку 5 жыл ичинде Бишкек шаарында мунай сактоочу базаларда өрт кырсыгы катталган эмес, бирок, 2024-жылы жеке турак үйлөрдө мыйзамсыз мунай заттарды сактап саткан 3 турак үйдөн өрт кырсыгы катталган.
Ал эми өздүк курамдын өзгөчө кырдаалдагы күжүрмөн даярдыгы, тилсиз жоодогу татаал шарттарда өрт өчүрүүнүн ыкмаларын тоскоолдуксуз колдоно билүүсүнө шарт түзүлүп, аталган мунай сактоочу базада жаңы келген техникалардын күчү менен куткаруучулардын машыгуусу ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Машыгууга башкармалыктын өздүк курамы, 2 автошаты, 4 күжүрмөн эсеп, куткаруу кызматынын унаасы жана штаб тартылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР