Жаңылыктар

25.10.2024 11:18

   Кароолор: 464

БИШКЕКТЕГИ "МЕГА КОМФОРТ" СООДА БОРБОРУНДА ПЛАНДУУ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Борборубуздагы “Мега Комфорт” курулуш соода борборунда кечээ, 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кезектеги пландуу өрт-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү.

Ага Бишкек шаардык куткаруу кызматы, Октябрь, Свердлов жана Биринчи Май райондук өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 4 күжүрмөн эсеп, автошаты тартылды. Мындан сырткары тез жардам, газ жана электр кызматы машыгууга катышты.

Машыгуунун максаты - өрт кырсыктары катталган учурда имараттын ичиндеги жарандарды өз убагында эвакуациялоо жана тилсиз жоону дароо өчүрүүгө өздүк курамдын күч-аракетин, даярдыгын текшерүү жана баалоо. Ошондой эле жарандарга кырсыктын алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Жыйынтыгында өрт өчүрүүчү унааларга тоскоолдук жараткан имарат алдындагы курулмалар жана башка бир катар маселелер боюнча эскертүүлөр берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу