Жаңылыктар

30.10.2024 12:05

   Кароолор: 673

БИШКЕКТЕГИ №4 ШААРДЫК КЛИНИКАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ ООРУКАНАСЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Борбор калаадагы №4 шаардык клиникалык тез жардам оорукананын токсикология бөлүмүндө бүгүн, 29-октябрда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын кезектеги пландуу өрт-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү.

Сценарийге ылайык, 3-кабаттан өрт кырсыгы катталып, анда эң алды менен атайын үйлөмө батуттун жана автошатынын жардамында 2 адам куткарылып, жалпысынан 50 адам эвакуацияланды. Бул учурда оорукананын кызматкерлеринин кырсык учурундагы иш алып баруусу өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Бул машыгуунун максаты - өрт кырсыктары катталган учурда имараттын ичиндеги жарандарды өз убагында эвакуациялоо жана өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин ыкчам-тактикалык иш аракеттерин текшерүү, баалоо болуп саналат.

Өрт-тактикалык машыгуунун соңунда андагы бейтаптарга жана кызматкерлерге өрт коопсуздугу, эвакуациялоо жолдору жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу, ошондой эле өзгөчө кырдаал учурундагы иш аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Машыгууга жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, Куткаруу кызматынын, ыкчам нөөмөт кызматынын жана газ түтүндөн коргоо унаалары тартылып, жалпы башкармалыктан 30 куткаруучу катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу