Жаңылыктар

19.09.2024 18:10

   Кароолор: 1011

БИШКЕКТЕ ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨЛӨРДӨ САТЫЛГАН КҮЙҮҮЧҮ МАЙЛАРГА ТЫЮУ САЛЫНУУДА

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын адистери өрт кырсыгынын алдын алуу максатында Ички иштер министрлигинин, Салык кызматынын инспекторлору менен биргеликте Биринчи Май, Свердлов райондорунун аймагындагы жол жээктеринде мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү-майлоочу майларды текшеришти

Мындай пландан тышкаркы текшерүү өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген жайларда сакталып жана сатылып жаткан күйүүчү майларды тазалоо, тилсиз жоонун алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу жана сатуу менен алектенген адамдарга түшүндүрүү, эң башкысы адам өмүрүнө коркунуч келтирбөө максатында жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу