Жаңылыктар
05.10.2024 12:56
Кароолор: 321
БИШКЕКТЕ “ЖАШ КУТКАРУУЧУ“ СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АНЫКТАЛДЫ
3-октябрь күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары уюштурган мелдештин райондук туру жыйынтыкталды.
Мектеп окуучуларынан түзүлгөн 4 райондун аймагында өткөн таймаштын жеңүүчүлөрү алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, өрт эстафетасы жана өрт өчүрүүчүнүн кийимин ыкчам кийүү боюнча күч сынашты.
Мелдештин соңунда 1-орунду Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гимназия, 2-орунду №25 жалпы билим берүү орто мектеби, 3-орунду №11 жалпы билим берүүчү орто мектебинин командалары ээледи.
Ал эми жеңишке жетишкендерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 9-октябрь күнү эски аянтта өтүүчү салтанаттуу иш-чарада громата жана баалуу белектер тапшырылат.
Белгилей кетсек, келечек муунду мекенди сүйүүгө, патриоттуулука жана куткаруучулук кесипке үндөгөн "Жаш куткаруучу" мелдеши 5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жыл сайын республика боюнча өткөрүлүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР