Жаңылыктар
25.02.2025 04:49
Кароолор: 574
БИШКЕКТЕ УНАА ТЕТИКТЕРИН САТУУЧУ ДҮКӨНДӨН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ ЖАЛПЫ 9 БӨЛҮМ ТАРТЫЛДЫ
Бишкек шаарынын П. Лумумбы жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 9 бөлүм жана штаб тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Кошумча маалыматтар берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР