Жаңылыктар

25.02.2025 06:27

   Кароолор: 653

БИШКЕКТЕ УНАА ТЕТИКТЕРИН САТУУЧУ ДҮКӨНДӨН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ

Бишкек шаарынын П. Лумумбы жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган. Мындан сырткары РЭТтен 1 бригада, ИИМден 4 экипаж жана Бишкек “Тазалык” муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.

Өрт 06:04тө чектөөгө алынып, алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Кошумча маалыматтар берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу