Жаңылыктар

08.03.2026 17:50

   Кароолор: 19

БИШКЕКТЕ ТУРАК ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫКТЫ

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча, Тимирязев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:28де Биринчи Май райондук №8 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир күжүрмөн эсеп, саат 15:37де дагы бир бөлүм, жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылган.

Саат 15:51де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүлдү. Алдын ала маалыматка ылайык өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түздү. Үйдүн ичинен күйүүчү майлоочу майлар жана иштетилген май коюлган бактар табылды. Жабыркагандар жок.

Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу