Жаңылыктар

12.08.2025 15:00

   Кароолор: 330

БИШКЕКТЕ ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТҮ 3 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ӨЧҮРҮҮДӨ

Бишкек шаарынын Свердлов районунда бүгүн, 12-августта алдын ала маалымат боюнча, Лебединовка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:41де Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 13:48де Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.

Учурда өрт чектөөгө алынды. Тилсиз жоону толук өчүрүүгө ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу