Жаңылыктар
03.03.2025 13:49
Кароолор: 606
БИШКЕКТЕ ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Новопавловка айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:12де Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 13:22де дагы 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды.
Өрт саат саат 13:28де чектөөгө алынып, 13:32де толук өчүрүлдү. Тилсиз жоо болжол менен үйдүн 100 чарчы метрин жалмады.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР