Жаңылыктар

16.10.2025 03:12

   Кароолор: 226

БИШКЕКТЕ ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ИРИ ӨРТТҮ 3 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ӨЧҮРДҮ

Бишкек шаарынын Свердлов районунда 15-октябрда түнкүсүн Акылбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 23:11де Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 23:19да кошумча №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 23:23тө Октябрь райондук №7 өрт-куткаруу бөлүгүнөн дагы 1 күжүрмөн, жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылды.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт саат 00:11де чектөөгө алынган. Ал эми толук өчүрүү саат 02:42де ишке ашты.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, тилсиз жоонун жалпы аянты болжол менен 200 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу