Жаңылыктар

17.04.2024 15:32

   Кароолор: 108

БИШКЕКТЕ ТОКОЙЧУЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК X СЕССИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн борбор калаабызда Азиялык токой кызматташтык уюму – AFОCOнун эл аралык X сессиясы башталды. Кыргызстанда өтүп жаткан эл аралык жыйынга Азиялык токой кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү, ӨКМге караштуу Токой кызматынын кызматкерлери катышууда.

Сессияда ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов сөз сүйлөп, токойлордун экосистемасын туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүн азайтууга дегеле, бул тармактагы маселелерди биримдикте чечүүгө чакырды. Ошондой эле ал Кыргызстанда Токой кызматынын аткарып жаткан алгылыктуу ишмердүүлүгүнө токтолуп өттү.

Иш-чарага катышып жаткан токой тармагындагы улуттук координаторлор, АFOCO уюмунун катышуучулары, токой бөлүмдөрүнүн жетекчилери, өз кезегинде сөз алып, дүйнөдө токойду өнүктүрүү климаттык өзгөрүүлөрдү болтурбоого салым кошоорун, аймактык кызматташтыкты чыңдоону, конкреттүү иш-аракеттер аркылуу туруктуу өнүктүрүүнү талкуулашууда

Белгилей кетсек, AFOCO Ассамблеясы Уюмдун жогорку чечим кабыл алуучу органы. Ассамблеянын сессиясы жылына эки жолу тактап айтканда, жазында атайын сессия жана күзүндө техникалык сессия өткөрүлөт. Уюмдун башкы кеңсеси Түштүк Кореянын Сеул шаарында жайгашкан.

Негизги максаты - токойлордун деградациясына жана климаттын өзгөрүшүнө Азиядагы токой чарбасы боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана далилденген технологияларды, саясаттарды, конкреттүү иш-аракеттерге которуу аркылуу туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү.

Эл аралык уюмдун курамында Бутан, Бруней-Даруссалам, Камбоджа, Кыргызстан, Индонезия, Казакстан, Лаос ПДР, Монголия, Мьянма, Филиппин, Корея Республикасы, Таиланд, Тимор-Лесте, Вьетнам, ошондой эле байкоочу катары Малайзия жана Сингапур өлкөлөрү бар.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу