Жаңылыктар
11.08.2025 18:51
Кароолор: 117
БИШКЕКТЕ ТИЛСИЗ ЖООДОН ТУРАК ҮЙДҮН 350 чарчы метр АЯНТЫ ӨРТТӨНДҮ
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Целинная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, ыкчам аракеттерин көрүштү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 350 ч.м. түзгөн. Жабыркагандар жок. Кырсыктын себеби такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР