Жаңылыктар
23.11.2024 07:14
Кароолор: 336
БИШКЕКТЕ ТИГҮҮЧҮ ЦЕХТЕН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Курманжан датка көчөсүндөгү тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 07:10до чектөөгө алынды.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Кошумча саат 06:50дө Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектеген ыкчам топ тартылды.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР