Жаңылыктар

26.03.2026 08:24

   Кароолор: 22

БИШКЕКТЕ ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРГА ЖООП КАЙТАРУУНУН ЭЛ АРАЛЫК УКУГУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

Борбор калаада табигый кырсыктарга жооп кайтаруунун эл аралык укугу (IDRL) жана кырсыктар жаатындагы укук боюнча семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов, Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясынын өкүлү Севаль Гузелкилинч, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айым, Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук коомунун жана башка эл аралык уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Семинардын негизги максаты катышуучулардын табигый кырсыктарга жооп кайтарууну жөнгө салган укуктук механизмдер боюнча билим деңгээлин жогорулатуу болду.

Анын ичинде IDRL жетекчилик принциптери тууралуу маалымат берүү жана улуттук коомдордун көмөкчү ролун түшүндүрүү каралды.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Семинардын жыйынтыгында укуктук даярдыктын негизги багыттары аныкталып, 2026–2027-жылдарга иш-аракеттер планы иштелип чыгары белгиленди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу