Жаңылыктар

20.05.2025 15:28

   Кароолор: 163

БИШКЕКТЕ СТУДЕНТТЕРГЕ, ОКУУЧУЛАРГА СУУДАГЫ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛҮҮДӨ

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи Май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери борборубуздагы жогорку окуу жайларында, орто мектептерде өрт кырсыктарынын алдын алуу, суу объектилериндеги коопсуздук эрежелери жана башка өзгөчө кырдаалдардан сактануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Айтсак, кечээ, 19-майда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алып аткан кытай жарандарына өрттүн алдын алуу, жер титирөө учурунда өзүн туура алып жүрүү эрежелери жана башка ар кандай табигый кырсыктардан сактануу жөнүндө нускама өткөрүштү.

Муну менен катар №6 жана №24 орто мектептердин окуучуларына “Жайкы эс алуу мезгилинде сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоо” деген темада түшүндүрүү иштерин алып барышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу