Жаңылыктар
12.04.2024 10:53
Кароолор: 346
БИШКЕКТЕ ШТАБДЫК МАШЫГУУЛАР ӨТҮҮДӨ
Апта соңунда Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов району Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жер титирөөдөн кийин кырсыктын кесепеттерин жоюудагы кечиктирилгис иш-аракеттерди баалоо боюнча штабдык машыгуу өткөрдү.
Адам өмүрүн сактоого жана ар кандай өзгөчө кырдаал учурунда калкты коопсуз аймакка көчүрүүдөгү куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы текшерилди.
Машыгуунун максаты- кырдаалды талдай билүү, кырсык катталган учурда өз убагында ыкчам чара көрүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу, Жарандык коргонуу кызматынын жана уюмдардын биргелешкен аракетин бекемдөө болуп саналат.
Машыгуунун жыйынтыгында Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте талкуу жүргүзүлүп, машыгуу өз максатына жетти.
Ошондой эле штабдык машыгуу Октябрь районунун Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте болуп өттү.
Куткаруучулардын кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу максатында өткөн штабдык машыгууда ар кандай өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам чара көрүү, өрт өчүрүүдөгү алгачкы кадамдар көрсөтүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР