Жаңылыктар

16.04.2024 13:33

   Кароолор: 219

БИШКЕКТЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК ООРУКАНАДА ӨРТ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кечээ, 15-апрелде ӨКМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык ооруканасынын имаратында пландан сырткары өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Машыгуунун негизги максаты – Жарандык коргонуу кызматтардын биргелешкен иш аракеттерине, бейтапканынын кызматкерлеринин, дарылануучулардын өрт кырсыгындагы жүрүм-турумун баалоо.

Анын алкагында өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин ыкчам-тактикалык аракеттерин, иш-кагаздарын, өрт-саптык жана газ түтүндөн коргонуу, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча билим деңгээли текшерилип, мекеменин Жарандык коргонуу жаатындагы иш кагаздарын даярдоого көмөк көрсөтүлдү.

Машыгуунун жүрүшүндө сценарий боюнча бейтапканынын жер төлөөсүндө, 1-кабатында жана чатырында өрт катталып, өрттүн коркунуч факторлоруна кабылган 2 жаранды өрт-куткаруу иштери менен биргеликте өрт көзөмөлдөө боюнча кызматтын кызматкерлери тарабынан имараттын өрт коопсуздук талаптарына дал келүүсү текшерилди.

Жыйынтыгында машыгууга катышкан бардык кызматтардын кемчиликтери жана ар кандай өзгөчө кырдаалдар учурунда бирге аракеттенүү боюнча иш-чаралар талкууланып, тиешелүү тапшырмалар коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу