Жаңылыктар

06.08.2024 11:16

   Кароолор: 348

БИШКЕКТЕ ӨЗ ӨМҮРҮН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛГАН АДАМ КУТКАРЫЛДЫ

6-август күнү, Бишкек шаарынын Ленин районунда Т. Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан эркек киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, жаранды куткарып калышты.

Аталган жаран ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу