Жаңылыктар
27.06.2024 14:25
Кароолор: 178
БИШКЕКТЕ ӨРТТӨН 12 КАБАТТУУ ҮЙ САКТАЛЫП КАЛДЫ
Ушул жылдын 24-июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Фучик көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:04дө ӨКМдин борбор калаадагы Биринчи Май райондук №4, №8 өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана шатбдык унаа тартылган.
Куткаруучулар тилсиз жоодон 10 адам куткарып, 50 адам эвакуацияланган. Өрт саат 14:05те толук өчүрүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР